Бухгалтердик эсепти Финансылык отчеттуулуктун Эл аралык стандарттарына которууга көмөктөшүү

Эгерде сизде Финансылык отчеттуулуктун Эл аралык стандарттарына ылайык отчетторду өз алдынча даярдоого мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, анда биздин адистер сизге бул жагынан жардам беришет.

Финансылык отчеттуулукту эл аралык стандарттарга ылайык даярдоо, башкача көрсөтүүнүн негиздери боюнча даярдалган отчетторду Финансылык отчеттуулуктун Эл аралык стандарттарына ылайык келген отчетторго трансформациялоону камтыйт. Финансылык отчеттуулукту даярдоонун алкагында биздин адистер:

  • МСФО талаптарынын негизинде отчеттуулуктун объекттерин жана айрым чарбалык операцияларды алдын ала классификациялоону жүргүзүү;
  • эгерде МСФОго ылайык бухгалтердик эсептин принциби башка презентациянын негиздериндеги бухгалтердик эсептин принциптеринен айырмаланса, отчеттуулуктун статьялары боюнча кошумча эсептөөлөрдү даярдоого;
  • отчеттук пункттардын түзөтүүчү жазууларын сунуштоого;
  • МСФОго ылайык төмөнкүдөй курамда отчетту түзүүгө: финансылык абал жөнүндө отчет, кирешелер жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет, капиталдын өзгөрүшү жөнүндө отчет, финансылык отчетко эскертүүлөр.

Натыйжада, сиз Финансылык отчеттуулуктун Эл аралык стандарттарынын бардык эрежелерине ылайык даярдалган жогорку сапаттагы ачык отчетту аласыз, аны текшерүү жана анын ишенимдүүлүгүн тастыктоо үчүн аудиторлорго бере аласыз.

Башка кызматтар

Посмотреть на карте Бишкека
Байланыштар
720051, Бишкек ш., көч. Салиева, 72